сен. 08, 2024

Винсент Дефурни

Винсент Дефурни, ЮНЕСКО директору:

“Эгер ЮНЕСКО болбогондо…”

Биз ЮНЕСКОдо дүйнөлүк мурастардын тизмеси бар экенин жана ага катар “материалдык эмес дүйнөлүк мурастардын тизмеси” деген да болоорун билебиз. Демек, маданий элементтерди жана маданий ар түрдүүлүктү колдоо деген эки компонент - ЮНЕСКОнун жалпы системасынын бир бөлүгү болуп саналат. Дүйнөлүк мурастар туурасында 72-конвенция деген бар, ал мамлекеттерди өзгөчө жана универсалдуу жерлерди колдоого алганга үндөгөн конвенция. Бул конвенция жөн гана кооз же башкалардан кызыктуу болгон жерлерге гана көңүл бурбастан чындап өзгөчөлөнгөн касиет, баалуулугу бар жерлерди кучагына алат. Демек, дүйнөлүк мурастар тизмесине кошуу иши - бул кооздуктар боюнча конкурс эмес же болбосо ал кайсы өлкөдө көп өзгөчө жер табылаар экен деген жарыш эмес. Бул – Адамзат атынан коргоого алына турган асыл иш. Бул – өзгөчө жана универсалдуу деп саналган жерлерди муундан-муунга сактап жана өткөрүп бере турган иш. Ушунун баары 72-конвенция алып бара турган иш. Мындан сырткары 2003-конвенция дагы бар. Ал – кайсы бир өлкө же жамаат тарабынан жасалган материалдык эмес мурастар боюнча конвенция. Бул эки конвенциянын башкача айтканда бул эки иштин бири-биринен айырмачылыгы бар. Башкысы, материалдык эмес мурастар алар ошол кайсы бир өлкө же жамаатка тиешелүү болгон же алар үчүн өзгөчө маанилүү болгон маданий байлыктар. Бул эки учурдун кайсынысы болбосун ал ЮНЕСКОго мүчө өлкөлөрдүн талкуусу аркылуу өтөт. Дүйнөлүк мурастарды таанууда өтө кылдаттык менен карала турган этап бар. Мына ошол маанилүү этаптан соң гана чечим кабыл алынат. Айта кетчү нерсе материалдык эмес мурастарды кабыл алууда жөнөкөй гана текшерүү болот, маселен, эгерде кайсы бир жамаат бизге бул материалдык эмес байлык маанилүү деп тастыктап берсе болду, ошондон баштап ал нерсе автоматтык түрдө материалдык эмес байлыктар катарына кирет. Маданий ар түрдүүлүктү коргоодо жана аны өөрчүтүүдө ЮНЕСКОнун мына ушундай эки кырдуу иш аракети бар. Эмне үчүн ЮНЕСКО маданият ааламын

Жеңишбек Эдигеев

“Алпалатоо” ассоциациясынын президенти

“Алпалатоо” ассоциациясынын башкы кеңсеси Женева шаарында ал эми анын өкүлчүлүгү Кыргызстандын Бишкек шаарында жайгашкан.

Дареги : Женева шаары, Chemin de Beau-Soleil көчөсү, 24 / 1206