окт. 18, 2024

Биз тууралуу

Альп – Европанын сегиз мамлекетин узата басып жаткан керемет тоо кыркасы. Ал эми Ала-Тоо бул Кыргызстандагы айтылуу тоо кыркалары. Ассоциациянын аталышы мынакей ушул эки улуу тоолордун аталышынан келип чыкты. Бирок биздин уюм жалгыз эле Кыргызстан эмес жалпы Орто Азия өлкөлөрү менен европа цивилизациясынын ортосунда маданий көпүрө болуу вазипасын көздөйт. Албетте маданият өзүнө көп тармакты, көп маанини камтыйт, биз демек эки цивилизация ортосунда маданият, тарых, искусство, адабият, билим берүү ж.б. тармактар алдында иш алып бармакчыбыз. Мунун баары эки жактуу иш алып баруу аркылуу: аталган бардык тармактар боюнча иш-тажрыйба алмашуу аркылуу ишке ашырылат. “Алпалатоо” ассоциациясы классикалык туризмден айырмаланып маданий-туризмди уюштурууну колго алат. Анткени эки цивилизацияны, эки түрлүү маданиятты, эки башка дүйнөнү жалгыз эле китептен окуп, интернеттен көрүш аздык кылат, ал үчүн адам өзү барып, өз көзү менен көрүп, өз колу менен кармалап, өз жан дүйнөсү менен сезип келиши керек. Биз маданий-туризмдин жогорку деңгээлде сапаттуу жана максималдуу пайдалуу болушуна болгон күч-аракетибизди жумшайбыз жана ага шарт түзөбүз. “Миң уккандан бир көргөн артык” демекчи биз Азия менен Европанын аралыгын ар тараптан жакындатабыз.

“Алпалатоо” ассоциациясынын башкы мекемеси Женева шаарында ал эми экинчи ордосу Кыргызстандын борбору Бишкек шаарында жайгашкан.

Даректери: 1206 Женева шаары, Chemin de Beau-Soleil көчөсү 24

Ассоциация президенти: Жеңишбек Эдигеев



Кыргызстандагы дарек:

720011, Бишкек шаары, Шота Руставели көчөсү 60

Женишбек Эдигеев

Президент Ассоциации "Алпалатоо"

Головной офис ассоциации "Алпалатоо" находится в городе Женева, представительство в столице Кыргызстана городе Бишкек.
Адрес: город Женева, улица Шемин де Бо-солей 24 (Chemin de Beau-Soleil)