окт. 18, 2024

Аялдын каны

Жетекчи тапшырма берди: “28-май гигиена жана аялдардын айыз маалын колдоо” күнүнө карата макала жазыңыз деп. Журналистикада жүрүп жазбаган темам калган жок деп жүрсөм көрсө калыптыр – аялдардын айызы тууралуу…. Айтор, аягы, макала баарына абдан жакты. Кыскача айтсам, дүйнөдө бул күн 2014-жылдан бери белгиленет экен. АЯЛ дүйнөсүнүн бир чоң түйшүгүн биз – эркекзат дале толук түшүнбөйт экенбиз го. Маданиятка, менталитетке жараша бул маселе боюнча жер бетинде түрлүү окуялар жана түркүн чектөөлөр, кор кылуулар, басынтуулар болуп келет экен… Алардын ар бирин келтирбей эле коеюн. Өзүбүз жөнүндө айтсам бул маселе боюнча бир кыргыз эженин айтып бергени эсиме түштү: чоң энеси 13 жаш кезинде биринчи айызы келсе апасы аны катуу сабаган тура, “Шуркуя, имне бирөө менен жаттыңбы?!” деп. Түшүнүктөр ушул сымал болуп келгени да бул чындык. Айтор, мурда түшүнбөсөк да эми түшүнсөк болду. Аял заты жетилген курактан баштап менопаузасына чейин 460 жолу б.а. 3500 күнүн эч кимге айтпаган табу күнүн өткөрүп, 22 литр канын кетирет экен. Ага маселен швейцар аял заты 4400 франк акчасын коротот дешет. А бизде канча коротулушу мүмкүн..? Аялзаты табиятынан эркекке караганда жашоого инстинкти күчтүү болот, анын бирден бир себеби - аларды табият ушинтип ай сайын көп түйшүккө даярдаган сигнал берип турат. Ар бир ай сайын. Түйшүгүңө, жан дүйнөңдүн алачакмагына даяр бол! деген. А эркектерде андай эске салып турчу сигнал жок… Ошол үчүн биз алабарман келет окшойбуз го…

Бар болгула, аялзаты!

Жеңишбек Эдигеев

“Алпалатоо” ассоциациясынын президенти

“Алпалатоо” ассоциациясынын башкы кеңсеси Женева шаарында ал эми анын өкүлчүлүгү Кыргызстандын Бишкек шаарында жайгашкан.

Дареги : Женева шаары, Chemin de Beau-Soleil көчөсү, 24 / 1206