окт. 18, 2024

Лоренс Деонна

Лоренс Деонна, Швейцариялык жазуучу жана журналист: “Европага жаман нерсенин баары Америкадан келген” “СССР – биз үчүн географиялык картадагы кара булут эле...” “Элинин шарты бул болсо, Назарбаевдин кызы Женевадан 72 миллион франкка вилла сатып алып атса, ушулбу теңчилдик” “Дүйнөдөгү эң бактылуу эл, бул -...” “Фейсбук менен селфи – ушул беле 21 кылым күткөн идеал”

Бул айым 78 жашта. Нукура Женевалык. Женевада нукура женевалыктарды табыш кыйын. Анткени бул жер анык интернационалдык шаар. 70 пайызы келгиндер. Деонна айымдын ата энеси да нукура женевалыктар. Атасы мамлекетке барандуу карааны бар, юрист, саясатчы болгон экен. Кызы ошол жолду улаптыр. Журналист, жазуучу, котормочу, фото-журналист, айтылуу “Репортеры без границ” уюмун жетектеген, 13 китеп чыгарган, төрт тилде эркин сүйлөгөн, 50 жаштагыдай спорт кылган, машинесин зуулдатып айдаган, театр, музейден калбаган айым. Аны биринчи ирет интернеттен таптым, анан таанып калдым анан бир күнү автобуста баратып итин жетелеп жүргөнүн көрдүм. Акыры телефон бурагам. “Кел” деген ошо замат. “Менин эң жек көргөнүм улутчулдук. Мен үчүн женевалык кошунама караганда африкалык, азиялык же кыргызстандык кесиптешим артык ” деген. Ушундай жан экен. Анан да “жашоо бир келет” деп кыргыздардай ой жоруганы бар экен...

-Жазуучулук, журналисттик, көркөм сүрөт өнөрү жана фото сүрөтчү... кайсынысына көбүрөөк ынак болдуңуз?

-Алгач, жумушумду эларалык сүрөт галереясынан баштадым. Бирок аягында биротоло жазуучулукту тандадым. Анткени жазуу аркылуу сезимиңди өзүң каалагандай түз, оңой жеткире аласың. Мага сезимди сүрөттөп билдирүү үчүн жазуу керек экенин сезгем. Ал эми фото сүрөтчү катары да керемет ирмемдерди жарата алдым бирок ал мага жакшы жаралган фразадай ырахат тартуулай алган жок. Болбосо Париж, Рим, Нью-Йорктогу фото-сүрөт көргөзмөлөрүнө катышкан күндөрүм болду. Ал эми биринчи репортажымды 30 жашымда Израиль менен Араб өлкөлөрү ортосундагы согуштан баштадым. Тагдыр деген кызык экен, ошондо журналистикага кызыгып, эч бир редакция тапшырма бербесе да, эч ким жолума бир тыйын акча бербесе да репортаж жасап келем деп Израилге учуп кеткем. Мына ошол сапарымдан кийин мен өмүр бою мынакей дээрлик 50 жылдан бери Араб өлкөлөрү жана Орто Азия менен тагдырлаш болуп калдым. Иран, Ирак, Сирия, Йемен ж.б. өлкөлөрдө далай изим калды. Андан бери ошол өлкөлөр туурасында 13 китеп жазылып, бир нече документалдуу фильмдерим тартылды.

-Орто Азиядан кайсыл өлкөлөрдө болдуңуз?

-Мен силердин чөлкөмдө Горбачевдун мезгилинде жана СССР жаңы ураган мезгилдерде көп болдум. Тилекке каршы Кыргызстанга баралган жокмун. Түркмөнстан, Тажикстан, Өзбекстан, Казакстан, Грузияда, Азербайжанда бир нече репортаждар жасадым. Бирок негедир Казакстанга көбүрөөк байландым. Анын бир себеби Карагандада Экинчи дүйнөлүк согуш маалында Сталин тарабынан айдалып барып ошол бойдон жашап калган немистер көп экен. Ошентип “Казакстан” деген китеп жазылды.

-Кезинде сиз үчүн СССР кандай элес берчү?

-Советтер Союзу мен үчүн “terra incognita” жер бетиндеги эзели белгисиз, ачыла элек жердей эле. Биз үчүн СССР – географиялык картаны каптап турган кара булуттай болчу. Ал кара булут ичинде эмне болуп атканы бизге эзели ачык болчу эмес. Билчү эмеспиз. Ал бизге дайыма табышмактуу, дайыма сырдуу болчу. Акыры аңгыча эле ошончолук зор нерсе кулады да, ошол табышмактын баары ачылып жатып калды. Албетте, бул тарыхтагы өтө чоң окуя. Мен күнү бүгүнкүгө чейин коммунисттик идеология түпкүрүндө өтө ажайып идея болгон деп билем. Бирок тилекке каршы иш жүзүндө башкача чыгып калбадыбы.

-Мисалы жакшы жагынан бир эле мисал келтире аласызбы?

-Бирөөнү айтсам албетте ал билим берүүсү, агартуусу жакшы эле.

-Мынча болду эми жаманынан бир мисал айтыңыз?

-Менин атамдын агасы Румынияда падыша сарайында кызматкер эле. 1947 – жылы ал советтик бийлик тарабынан Бухарестте кармалып, “сен аристократсың” деп күнөөлөнүп, 10 жыл бир да адамды көрбөстөн жалгыз камерада жаткан. Андан чыгарып Гулагга кетиришкен. Ошондо биз аны Румыния өкмөтүнө 62 миң доллар акча төлөп бошотуп алганбыз. Билесизби ал кезде бул канча чоң акча эле! Бул СССР дин каардуу жагынын чети гана.

-Сиз демек СССР кулаганда сүйүнгөн чыгарсыз?

-Албетте, биз кубандык. Ошонун арты менен Берлин дубалынын кулатылышы эле эмне деген бакыт болгон. Ошол эле учурда кулаган соң совет эли кандай шартта калды. Экономикалык ж.б. жактан өтө чоң теңсиздик түзүлдү да. Мен Казакстанда жүргөнүмдө бир карыган казак кемпирдин кыштын кыраанында эски чыны, табактарын жерге жайып сатып отурганын көрүп абдан кейигемин. Эли ошондой абалда болуп атса ал эми президент Назарбаев кызы экөө Женевадан 72 миллион франкка вилла сатып алып атышса, ушулбу теңчилдик?

-Ооба, ал вилланы казак бийлигинин оппоненттери тасмага түшүрүп К+ каналынан айлап көргөзгөн эле... Эмесе, Деонна айым, сизден сөз эркиндиги жөнүндө кыскача сурагым келет. Бул жаатында бизде толук эркиндик бар деп кайсы өлкө мактана алат?

-Эч ким. Ошол эле Америка да айта албайт. Албетте бизде сөз эркиндиги боюнча маселе жок, бирок ошентсе да билип коюңуз, бул жакта да баары эле шуруга тизгендей эмес. Айрым табу нерселер бар... Атын атабайын мындан бир нече жыл илгери силердин чөлкөмдөн (Орто Азия) бир журналист бул жактан башпаанек алып келген. Ал келээри менен мага айтты: “Оо, мына мен Европага келдим, толук эркиндик, эми мени кууган бийликти сындап сазайын колуна берем” деди. Мен ошондо айттым “Жок, карагым, жаңыласың, антип каалаганыңды кыла албайсың, аны бара-бара өзүң түшүнөсүң...” деп. Айтканымдай болду... Албетте, баары салыштырмалуу. Орто Азия үчүн сөз эркиндиги деген али жаңы түшүнүк. Силерди жалаң хандар башкарат да. Анан кайдагы.

-Эгерде бул боюнча Кыргызстанды бөлүп карай турган болсок анда анын өзгөчөлүктөрү бар. Жарайт, бул боюнча дагы сүйлөшөрбүз, мен сизден дагы бир көрүнүштү сурайын. Сиз айтмакчы бир кездеги чоң империя күп этип кулаган соң, бүт ааламга эшик ачылып, дүйнөлүк маалыматка марып жатып калдык. Кыскасы, биз алган терс көрүнүштөрдүн баарын биз Батыштан, Америкадан келип жатат дейбиз.

-Сизге түшүндүм. Мен жакшы билем, Батыш десе араб өлкөлөрү да, Орто Азия дагы Европа менен Американы бирдей коюп түшүнүшөт. Жок, жок, жок! Дагы бир жолу жок. Европа менен Америка экөө таптакыр салыштыргыс, эки бөлөк нерсе. Бул ковбой менталитетиндеги Америка менен архитектурасы, маданияты менен өзгөчө болгон Европаны бирдей коюп карабаш керек. Мен бөркүмдөй көрөм, маселен сенин өлкөңдүн бери эле дегенде миң жылдык тарыхы болсо керек, ал эми АКШ нын болгону 200 ашык жылдык тарыхы бар. Ошондуктан бүткүл дүйнөгө өздөрүнүн терең эмес маданиятын, адатын, жосунун киносу ж.б. нерселери менен таратып, элдин аң сезимине сиңирип жатат. Сиз сураган терс көрүнүштүн баары Европага да Америкадан келген. Кинолорун караңыз, эч тереңдик жок. Аңдасаңыз анын мааниси же ак же кара, дос же душман болот дагы калганы тарсылдак-түрсүлдөк, өлтүрмөй, кырмай, кыйнамай... Алардыкы эмне үчүн дайыма популярдуу, анкени Америка болуп көрбөгөндөй бай, продукцияларын бүт дүйнөгө рекламалап таратуу менен анысы арзанга да түшөт, жүз эселеп да актайт. Эмне дүйнөнүн башка элдеринде шедеврлар жаралбайт жатат дейсизби, кереметтер жаралып жатат бирок баары эле аларчылап ааламга атырылып көрүнө алышпайт экен да. Бир жалгыз өлкөнүн эбегейсиз күчкө ээ болуп бүт ааламды бийлеп турушу бул жакшы көрүнүш эмес. Ушундан улам эмне деген татаалдыктар жаралып жатат. Тилекке каршы бүгүн бүт дүйнө америкалашып жаткан кез. Жалгыз бир тилде гана сүйлөгөн Америкалыктар бүт дүйнөдө өздөрүндө жүргөндөй сезишет, бул өздөрү үчүн канчалык жардылык экенин элестетишпейт. Анткени ар бир тил – өзүнчө дүйнө. Жалгыз бир тилде гана сүйлөө бул жан дүйнөнүн жакырдыгы. Европада 17 тил бар. Болгондо да кичинекей эмес, дүйнөлүк чоң тилдер.

-Өзүңүз канча тилде сүйлөсүз?

-Мен өзүм франкофонмун, чет тили катары немис, англис, италия тилинде эркин сүйлөйм. Анан да арабча анча мынча билем.

-Араб өлкөлөрү демекчи, Сириядагы кырдаал боюнча эмне айта аласыз?

-1946 -жылы Сирия француздардан толук көз карандысыздыкты алгандан бери өлкө тынчый элек. Бүгүнкү президент Башар Асаддын атасы Хавез Асад ага чейин өлкөнү көп жыл катаалдык, кыйынчылык менен башкарган. Кыйынчылык менен дегеним өлкөдөгү кырдаалга жараша өзүнө да, өлкөгө да ошондой сактык, катуу тартип киргизилген эле. Президенттин ысымын аташ элдерге кыйын болгон, өтө коркунучтуу болгон. Шек келтирсең башың кетчү. Ошондуктан аны кеп кылгысы келгендер “ал, тиги” деп гана сүйлөшкөн. Демек, кийин уулу бийликке келгендеги тартип, зомбулук ал жаңылык эмес. Мен бул эрежени советтик бийликтин менталитети менен окшоштурам. Анткени Сирия илгертен СССР менен согуштук да маданий да тармакта өтө жакын байланыш, катышта болгон. А тургай Сирия советтик социалисттик моделди алган. СССРдин курашы менен Сириянын да көп тармагы алсыраган. Хавез Асаддын өзгөчөлүгү ал ошол кезде эле исламисттерге өтө каршы турган. Өлкөсүндөгү христиандарды коргогон, бир жерде мечит болсо катарында чиркөө болгон. Жума күндөрү сыйынгандар мечитке батпай калса да эшикке, көчөгө отуруп сыйынганга тыйуу салган.

Ал эми Сириянын эли илгертен ушунчалык меймандос жакшы калк. Араб чөлкөмүндөгү анык араб – бул сириялыктар. Эң таза, кооз араб тили бул - сириялыктар. Эң башкысы сирия эли өтө билимдүү, чыгармачыл, идеяга бай, акылдуу адамдар болушат. Өкүнүчтүүсү ошонун көбү бүгүн дүйнөгө чачылып жатат. Эмне деген акылмандары, билимдүүлөрү аргасыз кетип жатат. Ошондон улам бүгүн өлкө башы жок тулкусу гана калды. Илгери Сирия талааларын аралай турган болсоңуз көз жеткис эгин, пахта талаалары болоор эле. Бүгүн анын бири жок. Сирияда бүгүн от күйүп, согуш жүрүүдө. Мунун артында ким турат? Мен бул суроо менен Пентагонго кайрылгым келет. Мен бул керемет өлкө үчүн ичим күйөт. Дүйнөнүн кай бурчуна болсун мурдун тыккан америкалыктар өздөрү үчүн орчундуу жерлерде хаос болушун каалашат.

-Демек, Путиндин Сириянын колдоп жатышынын мааниси тереңде экен да?

-Путин асмандан алып эле колдоп жаткан жок. Бул деген тарых, эки элдин илгертен болгон тыгыз тарыхы, алакасы болгон үчүн колдоп жатат. Бул алака мындайча айтканда алардын эски махабаты.

-Бүгүнкү күндө Европаны каптап жаткан массалык миграция сизди канчалык түйшөлтөт?

-Эч канчалык. Анткени бул биздин өзүбүздүн катабыз. Ал тараптарга ызы-чууну орноткон бул - биз. Улам жаңы диктаторлордун пайда болушу да бул биз менен Американын эмгеги. Акыры аягы карапайым эл ушинтип агылат да. Көп маселеде биз – эгоистпиз.

-“Биз” деп сиз Европаны айтып жатасыз да?

-Ооба, мен Европаны айтып жатам. Ал эми бул боюнча Американын ролу ал өзүнчө чоң аңгеме. Экинчиден качкындар менен мигранттардын бир тараптан экинчи тарапка агылышы бул нормалдуу көрүнүш. Качкындарды Европа эле эмес башка өлкөлөр да кабыл алып асырайт. Алыс барбайлы, бүгүнкү күнү Ливанда 1.5 миллиондой сириялык качкындар калка издеп жашап атышат. Африка өлкөлөрүн алалы, алар бүгүн бүтүндөй козголуп, бири-бирине өтүп кыймылда болуп турган кез. Албетте Европа бул жакка келгендерге да өз шарты, комфорту менен бөлүшүп жатат. Бирок өзгөчө Африкадан келгендер бул жактан маданий шокко учурап жатышкандары бул – чындык. Ар элдин экинчи тарабы болот дегендей албетте бул жакта да улутчулдар, ашыкча оңчулдар сырттан келгендерге тиш кайрап атышат. Бул болчу нерсе экен. Бул да демагогия.

-Айтсаңыз, биз бүгүн 21 кылымда жашап жатабыз. Адампенде - адамзат жашоосу үчүн жаңы, бийик баскыч жаратып, түзүп бере алдыбы?

-Жок! Эгерде биз жашап жаткан планета 21 кылымда өзгөрдү дей турган болсок анда болгону техника менен технология гана өзгөрдү. Теория өзгөргөн жок. Бул кылымда да Адамзат жашоосуна сонун бир ой же идеология жаңылык болуп кирген жок. Башка баалуулук табыла элек. Техника менен технология гана адамзат жашоосун да, саясатын башкарып, өзгөртүп жатат. Ал бизди эми да кайда жетелээр экен... Бүгүнкү жаштардын да карысынын да мээсинде – фейсбук, селфи... ушул беле идеал?

-Дүйнөлүк ири статистикалык уюмдар, ошонун ичинде БУУ дагы мезгил-мезгили менен “”Дүйнөдөгү эң бактылуу өлкө кайсы” деп сурамжылап, даражалап чыгарып келет. “Эң бактылуу өлкө...” муну кандай түшүнөсүз?

-Бул абсурд. Толук бойдон абсурд. Анткени айталы кымбат муздаткыч алуу, 2-3 төн машиналуу болуу бул бакыт эмес. Алар бул статистиканы жалаң гана материалдык нерсеге негиздеп түзүп жатышат. Бул статистиканын ой жүгүртүүсү, логикасы ээң кедей дейт элем. Мынакей тибет элин алалы. Аларда байлык жок бирок, алардай бактылуулукту түзүп, тереңине түшүнүп, сүңгүп жашай алабызбы? Алар барып турган бактылуу эл. Ошол эле учурда дүйнөдөгү эң бай деген Япония баштаган өлкөлөр дүйнөдө суицид боюнча эң алдыңкы орундарда турушат. Эмне үчүн? Эмесе ушулбу байлыктан издеген бактылуулук?

Жеңишбек Эдигеев, Женева шаары

“Полит Клиника” гезити. 11.02.2016



Жеңишбек Эдигеев

“Алпалатоо” ассоциациясынын президенти

“Алпалатоо” ассоциациясынын башкы кеңсеси Женева шаарында ал эми анын өкүлчүлүгү Кыргызстандын Бишкек шаарында жайгашкан.

Дареги : Женева шаары, Chemin de Beau-Soleil көчөсү, 24 / 1206