окт. 18, 2024

Мал жайлоодон түштү

Швейцарияда жылда отузунчу сентябрда “Мал жайлоодон түштү” "La descente des vaches" майрамын кылышат. Жөн да майрам эмес, аны эларалык деңгээлде уюштурушат. Кечээ атайын барып Сан Серг айылындагы майрамга кызым Арууке экөөбүз барып катышып келдик. Жүздөгөн уйлардын ар бирин гүл менен кооздойт, мойнуна коңгуроолор тагышат, өздөрү “артист” көйнөктөрүн кийишет, “Уй жөнүндө” мелодияларын аткарышат, ошентип шөкөт менен элди аралап өтөт. Эмне үчүн мынчалык чоң майрам? Маңызы эң жөнөкөй жана маанилүү: -Швейцария эли мал киндиктүү эл, малды жогорку деңгээлде аздектеп багат, мына көргүлө, Швейцария уйлары абасы таза, чөбү ширин тоо кырында жашайт, ошол үчүн швейцария сүтү, швейцария сыры баарынан таза, сапаттуу…” маңызында. Бул дүйнөгө болуп көрбөгөндөй реклама! Бирок “капитализм” келгенге чейин деле ошентип келишкен. Улуттук салт болуп калган.

Карап олтуруп ойлодум: Кыргызстан аймагы бул өлкөдөн дээрлик төрт эсе чоң, калкы алар 8 миллион болсо биз 7 миллион, демек, кол жетпеген таза жерлер, жайлоо жерлер буларга караганда бизде көп. Мындай майрамды мына биз уюштурсак тимеле жарашар эле. Биз болгону колдо барды даңаза кылганды билбейбиз. Дыйканчылыктын үнү угулбайт, мал чарбачылык уктап жатат, бизде болгону “саясат гана эң маанилүү баарынан” Биздин мандем ушул жерде… Биздин деле уй, топоз, жылкы, кулун, төөлөрүбүз, кой-эчкилер гүл тагынып эл алдынан бир өткөнгө татыксыз беле…?! Ушуну ойлонуп көрүүбүз керек!!!

Жеңишбек Эдигеев

“Алпалатоо” ассоциациясынын президенти

“Алпалатоо” ассоциациясынын башкы кеңсеси Женева шаарында ал эми анын өкүлчүлүгү Кыргызстандын Бишкек шаарында жайгашкан.

Дареги : Женева шаары, Chemin de Beau-Soleil көчөсү, 24 / 1206